"Атам сыйлыкка муктаж эмес". Алмазбек Атамбаевдин депутат уулу үн катты

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу, Жогорку Кеңештин депутаты Сеид Атамбаев атасынын мамлекеттик сыйлыктардан ажыратылышы боюнча билдирүү жасады.

"Атам сыйлыкка муктаж эмес. Кандай иштеди, эмне кылды - ага Кудай, андан кийин эл тараза! Башкаларга окшоп элди аткан эмес, качкан эмес! Керек болсо убагында түрмөдөн да эл чыгарып алган. Элден кечирим сураган - бул, менимче, эң маанилүү!", - деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасында.

Буга чейин президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан