УКМКнын Д.С. аттуу кызматкери 15-апрелге чейин камакка алынды. Маалыматты Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы тастыктады.
Маалымдагандай, мындай чечим кечээ, 17-февралда чыккан. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси менен айып тагылган.
Айта кетсек, анын "Пито" каймана аты бар экени айтылып келет. Социалдык тармактарда анын ИИМдин кызматкерлери тарабынан кармалган учурундагы видеосу тараган.
"Пито" каймана аттуу адам камакка алынган УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Элдар Жакыпбековдун жакыны экени айтылат.