
Ош шаарынын мэри кызматына
дайындалган Жанар Акаевдин ордуна Жогорку Кеңешке депутат болуп
Таалайбек Сарыбашов келди. Бул тууралуу маалымат БШК расмий сайтына жарыяланды.
Ага ылайык, БШК тарабынан бүгүн, 19-февралда Сарыбашовго белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги берилди.
Айта кетсек, Акаев парламентке №8 округдан шайланып келген. Сарыбашов шайлоодо 8 миң 796 добуш топтоп үчүнчү орунду алган. Округдагы үчүнчү депутаттык орун гендерлик квота боюнча айымдардын арасында эң көп добуш топтогон Нуржамал Төрөбековага берилген.
Сарыбашов 2018-жылдан 2021-жылга чейин Ош шаарынын мэри болуп иштеген.