Биз социалдык тармакта

Нургазы Анаркулов 10-апрелге чейин камакка алынды

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту мурдагы президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркуловго карата бөгөт чарасын тандады.

Маалыматка ылайык, соттун чечими менен ал 10-апрелге чейин камакка алынып, №1 тергөө абагына киргизилди.

Коргоо тарабынын маалыматына ылайык, Анаркуловго Кылмыш-жаза кодексинин «Массалык башаламандык» беренеси боюнча — аны уюштурууга даярдык көргөн деген айып тагылган.

Иштин жагдайлары боюнча расмий органдардын кошумча маалыматы азырынча бериле элек.

Белгилесек, Анаркулов 17-февралда Казакстан менен чек арадан Кыргызстанга кирип келе жаткан учурда кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан