Дамирбек Осмонов саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.
Буга чейинки саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов бүгүн кызматтан алынды.
Осмоновго токтолсок, ал белгилүү кардиолог, "Бикард" клиникасынын башкы дарыгери. Ош шаарында туулган, учурда 43 жашта. Түркиянын Анкара шаарындагы Хаджеттепе университетинин медицина факультетин аяктаган. Ошондой эле беш жылдык ординатурадан өткөн.