Биз социалдык тармакта

АКШ Ирандагы мектепке сокку урганы тууралуу дооматты четке какты

Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Левитт АКШ Ирандагы кыздардын башталгыч мектебине сокку урган жок деп билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Ал журналисттерди АКШны калкты бутага алуу менен күнөөлөөгө болбойт деп эскертип, америкалык аскерлер мындай иштерге барбай турганын белгиледи.

Израил да Ирандагы мектепке сокку тууралуу маалымат текшерилип жатканын билдирди. Израил билдиргендей, ошол убакта Израилдин аба күчтөрү эч кандай аракеттерди жүргүзгөн эмес.

Эскерте кетсек, АКШ жана Израил 28-февралда Иранга каршы аскердик операция башташкан. 2-мартта Ирандын түштүгүндө жайгашкан башталгыч класстын окуучулары билим алган мектепке сокку урулган. Анда курмандыктардын саны 171 адамга жеткени, көпчүлүгү окуучулар экени кабарланды. Ал эми Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи 160 кызга казылган мүрзөлөрдүн сүрөтүн жарыялады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан