Биз социалдык тармакта

Макрон: "Европа АКШнын Испанияга карата коркутууларына жооп бериши керек"

Франция президенти Эммануэл Макрон Европа АКШнын Испанияга карата коркутууларына бирдиктүү жооп бериши керек деп эсептейт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Politico гезитине таянып билдирүүдө.

Кечээ, 4-мартта Макрон Испаниянын премьер-министри Педро Санчес менен телефон аркылуу сүйлөшүп, АКШнын Испания менен соода мамилелерин үзүү тууралуу коркутууларын талкуулаган. "Европа биригиши керек жана анын мүчөлөрүнүн бири басымга же коркутууларга дуушар болгондо, анын ичинде соода маселелеринде да, Европа бир добуштан жооп бериш керек", - деп Макрон позициясын билдирген.

Эске салсак, АКШнын президенти Дональд Трамп Испания аскердик базаларын Иранды бомбалоо үчүн колдонууга уруксат берүүдөн баш тарткандан кийин бул өлкө менен сооданы токтото тургандыгын билдирген. Өз кезегинде Испаниянын ТИМи Хосе Мануэль Альбарес Испания – өз алдынча чечим кабыл алган эгемендүү өлкө экендигин билдирген.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан