Индиянын технологиялык борбору деп эсептелген Карнатака штаты 16 жашка чейинки балдарга социалдык тармакты колдонууга тыюу салды. Бул тууралуу Рейтер агенттиги жазды.
"Балдардын социалдык тармакты колдонуусунун терс кесепеттерин алдын алуу максатында 16 жашка чейинкилерге социалдык тармактарды колдонууга тыюу салынат",- деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин Австралияда 16 жашка чейинки балдардын социалдык тармактарга кирүүсүнө тыюу салынган. Австралияда аталган куракка чейинки балдарга TikTok, YouTube, Instagram жана Facebook сыяктуу жалпы 12 платформага кирүүгө болбой турганы айтылган.