Биз социалдык тармакта

Иран өлкөнүн жаңы жогорку лидери жаракат алганын ырастады

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эсмаил Багаинин өлкөнүн жаңы жогорку лидери Можтаба Хаменеи жаракат алганын, бирок абалы жакшы экенин билдирди.

"Ал жаракат алган, бирок абалы жакшы. Ал качан биринчи сөзүн айтарын билбейм. Жаңы жогорку лидердин кызматына үч-төрт адам ат салышып жаткан, бирок Эксперттер кеңешиндеги көпчүлүк аны тандап алган",- деди ал италиялык Corriere della Sera гезитине берген маегинде.

Айта кетсек, интернет желесинде Можтаба Хаменеи жарадар болгону тууралуу маалымат чыгып, сүрөт тараган. Бирок мындай маалыматты Ирандын президенти Масуд Пезешкиандын уулу Юсуф четке каккан болчу.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан