Түрк тарап Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө даяр экендигин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы ишенимдүү булагына таянып жазды.
"Биз сүйлөшүүлөрдү кабыл алууга даяр экенибизди билдирдик. Биз кабыл алуучу тараппыз, ал эми өткөрүү жайын, датаны тараптар өздөрү чечишет. Биз болсо буга даярбыз",- деген ишенимдүү булак.
Буга чейин Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Анкара Украинадагы жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр үчүн дагы бир жолу аянтча берүүгө даяр экенин билдирген. Анда Орусия, АКШ жана Украина өкүлдөрүнүн катышуусундагы сүйлөшүүлөр 11-мартка пландалып, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу анын мөөнөтү жылдырылган болчу.
Эске салсак, Орусия менен Украина буга чейин Стамбулда үч ирет сүйлөшүү өткөрүшкөн. Анын жыйынтыгында туткундарды алмашуу болгон. Мындан тышкары, Орусия курман болгон украин аскер кызматкерлеринин сөөгүн Киевге өткөрүп берген. Тараптар ошондой эле чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча меморандум долбоорлорун алмашкан.