Биз социалдык тармакта

Нью-Йорктун биринчи мусулман мэри ооз ачуу уюштурду (видео)

Нью-Йорктун биринчи мусулман мэри Зохран Мамдани мэрияда ооз ачуу уюштурду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып, видеолорду жарыялашты.

Маалыматка ылайык, шаар мэриясынын имаратында өткөн иш-чарага мусулман коомчулугунун өкүлдөрү, активисттер, шаар бийлиги катышкан. Анда Мамдани ооз ачууга келгендерге ысык тамак уюштуруп, өзү курма тараткан.

Мындай көрүнүшкө коомчулукта түрдүү реакциялар жаралган. Айрымдары мэрдин демилгесин колдоп, шаардын эли көп улуттуу экенин билдиришсе, башкалары диний иш-чараларды административдик имаратта өткөрүү туура эмес деп эсептешкен.

Белгилей кетсек, буга чейин калаа башчысы Орозо айында орозо кармап жатканын билдирген болчу.

Нью-Йорктун биринчи мусулман мэри ооз ачуу уюштурду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан