Биз социалдык тармакта

"Ташиев өзү..." Теңиз Бөлтүрүк "Кумтөр" боюнча ага мыйзамсыз иш козголгонун айтып чыкты

"Кумтөрдүн" мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк өзүнө алтын кени боюнча мыйзамсыз кылмыш иши козголгонун айтып, ишти кайра карап чыгуу керектигин билдирди.

Ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, "Кумтөрдү" өлкөгө кайтарууда салымы чоң болгонун белгилеп, убагында кендеги коррупция менен күрөшкөнүн айтты. Анын айтымында, бирок ага карата кийин мыйзамсыз кылмыш иши ачылып, абактан чыгарылганда дагы мыйзамсыз айып пул салынган.

"Кетерде президент болуп, баарыбыз чогулуп калдык. Ошондо Курманкул Зулушев (ред.: ошол кездеги баш прокурор) "сизди күнөөлөгөн 17 эпизод бар" деди. Бирок 1 эпизод боюнча да тактап бере алган жок. Алар менин таза экенимди билишчү. Камчыбек Ташиев (ред.: ошол кездеги УКМКнын төрагасы) өзү "аябай издесек, бир нерсе тапмакпыз" деген. 18 ай издеп, менден эч нерсе табышкан жок. Анан, мен кетейин дедим. Бирок ошондо дагы болбой эле айып пул салышкан",- деди Теңиз Бөлтүрүк.

Ошондой эле Бөлтүрүк "Кумтөрдөгү" ири коррупциялык иштер боюнча маалыматы бар экенин кошумчалап, кийинчерээк айтып берүүнү убадалады.

Эске салсак, Башкы прокуратура 2022-жылы 13-сентябрда "Кумтөр голд компани" ишканасын текшергенден кийин үч кылмыш ишин козгоп, “Кумтөр” ишканасындагы коррупциялык иштерден бюджетке 1 миллиард 146 миллион сом зыян келтирилгенин кабарлап, компаниянын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктү кармаган.
2023-жылдын 30-апрелде Октябрь райондук соту Теңгиз Бөлтүрүктү үй камагына чыгарган. Башкы прокуратура 1-майда Бөлтүрүк жана аны менен бирге кармалган айыпкерлерден 844 миллион 512 миң 858 сом өндүрүлүп, мамлекеттин казынасына кайтарылганын билдирген.
Ошол жылдын ноябрь айында Теңиз Бөлтүрүктүн 880 миллион сом зыян келтиргени аныкталып, ал 862 миллиону ордуна койгону айтылган.




Теңиз Бөлтүрүк "Кумтөрдө" боюнча ага негизсиз иш козголгонун айтып чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан