Биз социалдык тармакта

Битир-садака берип жетишип калыңыз: MegaPay колдонмосунда бир нече мүнөттүн ичинде бүтүрсө болот

Ыйык Орозо айында муктаж адамдарга колдоо көрсөтүү, сооптуу иштерди жасоо өзгөчө мааниге ээ. MegaPay колдонуучулары битир-садаканы онлайн – тез жана ыңгайлуу түрдө түз эле өзүнүн телефонунан бере алышат.

Битир-садаканы колдонмо аркылуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын эсебине которууга болот. Бул сервис Орозо айынын аягына чейин ар бир адам ушул маанилүү руханий милдеттенмени оңой эле аткарышы үчүн иштелип чыккан.

MegaPay битир-садака берүүнүн эки ыкмасын сунуштайт. Колдонуучу кайрымдуулук үчүн өз алдынча каалаган суммасын көрсөтө алат же автоматтык эсептөө функциясын колдоно алат. Бул үчүн сунушталган тизмеден товарды тандап, адамдардын санын көрсөтүү жетиштүү – колдонмо битир-садаканын өлчөмүн автоматтык түрдө аныктайт.

Кайрымдуулук суммасын которуу үчүн MegaPay колдонмосун ачып, “Сервистер” бөлүмүнө өтүп, “Кайрымдуулук” категориясын жана “Битир-садака (Муфтият)” кызматын тандашыңыз керек, андан кийин ыңгайлуу төлөм ыкмасын көрсөтүп, төлөмдү ырасташыңыз.

MegaPay санариптик сервистеринин жардамы менен сиз бир нече мүнөттүн ичинде битир-садаканы бере аласыз - тез, коопсуз жана ашыкча түйшүксүз. Бул жардамга муктаж адамдарга колдоо көрсөтүп, Орозо айын соопчулук менен аяктоонун ыңгайлуу жолу.

08.01.2020-жылдагы КРУБ лиц. №3028080120 жана №2027080120.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан