"Кыргызнефтегаз" мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схемага шектелип 4 адам кармалды.
Ички иштер министрлиги билдиргендей, ишкананын 42 жаштагы мурдагы төрагасы, 45 жаштагы төраганын мурдагы орун басары, тиешеси бар компаниялардын биринин 37 жаштагы директору жана тиешеси бар компаниянын 35 жаштагы мурдагы директору кармалышкан. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилишкен. Учурда иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган тергөө иштери уланууда.
Айта кетсек, Салык кызматы УКМКнын мурдагы төрагасы
Камчыбек Ташиев жана анын жакындарынын мамлекеттик ишкананын кирешелерине ээлик кылып келишкени тууралуу коррупциялык схемаларды ачыктаган
иликтөө чыгарган. ИИМ бул боюнча кылмыш ишин
козгогон.