Биз социалдык тармакта

Камчыбек Ташиев суракта экени тастыкталды

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев сурак берип жатканын ИИМдин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалымдалгандай, ал "Кыргызнефтегаздагы" коррупция схемасы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында сурак берип жатат.

Камчыбек Ташиев 17-февралда өлкөдөн чыгып кеткен болчу.

Айта кетсек, Салык кызматы УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев жана анын жакындарынын мамлекеттик ишкананын кирешелерине ээлик кылып келишкени тууралуу коррупциялык схемаларды ачыктаган иликтөө чыгарган. ИИМ бул боюнча кылмыш ишин козгогон. Кечээ, 18-мартта 4 адам кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2026-03-19 17:47:00
Элдик генерал, ардайым бар болуңуз
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан