Биз социалдык тармакта

Бишкекте Нооруз шаңы: Евразия фонду менен бирге майрамдык иш-чара

Бишкек шаарынын мэриясы жана Октябрь району боюнча муниципалдык администрациясы "Евразия" уюму менен бирге Нооруз майрамын белгилешти. Иш-чара "Ынтымак-2" паркында өттү.

Майрамдык программа улуттук салт — "Алас" ритуалынан башталды. Аны Умай эне (Жер энеси) ак элечек кийип өткөрүп, конокторго саламаттык, бакыт, берекелүү жыл жана мол түшүм тиледи.

Расмий бөлүктү Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев ачып, улуттук салттарды сактоо жана коомдук биримдикти бекемдөө маанилүү экенин белгиледи.

"Нооруз — табияттын жаңыланышы жана бакыт символу. Бул майрам жалпы улуттук мааниге ээ жана биримдик менен жаңыланууну билдирет" — деди ал.

"Евразия" уюмунун регионалдык директорунун орун басары Ренат Айтымбетов Ноорузду чогуу белгилөө туруктуу кызматташтыктын символу экенин белгиледи.

"Бул күндү экинчи жыл катары менен бирге белгилеп жатканыбыз — достук жана өз ара сый-урматтын белгиси. Мындай иш-чаралар адамдарды бириктирип, коомду жакшыртат. Бардыгына бакыт, кубаныч жана берекелүү жашоо каалайм", — деди Айтымбетов.

Паркта майрамдык маанай үстөмдүк кылды. Коноктор үчүн тематикалык боз үйлөр орнотулду: "Евразия", "Элдердин достугу" жана кол өнөрчүлөрдүн боз үйлөрү. "Евразия" боз үйүндө коноктор уюмдун ишмердүүлүгү менен таанышып, долбоорлор тууралуу маалымат алышты. "Элдердин достугу" боз үйүндө Евразия элдеринин ыр-бийлери жана маданий көргөзмөлөрү көрсөтүлдү. Кол өнөрчүлөрдүн боз үйүндө коноктор улуттук буюмдар менен таанышып, мастер-класстарга катышып, өз колдору менен чыгарма жасашты.

Иш-чарага мэриянын орун басары Азамат Кадыров, "Россотрудничествонун" башчысы Альберт Зульхарнеев, Жогорку Кеңештин депутаттары Гуля Кожокулова, Дастан Бекешев, вице-спикер Болот Ибрагимов жана КРСУ өкүлдөрү катышты.

Майрамда сүмөлөк өзгөчө орун алды. Бул тамак табияттын берекеси жана жаңыланышынын символу болуп эсептелет. Аны Нооруз алдында даярдашат, бышырылышы бир күнгө созулат. Сүмөлөктүн негизги курамы — өнүп чыккан буудай, ун жана май. Волонтерлор бардык конокторго сүмөлөк тартуулашты.

Майрамдык программа концерт менен коштолду. Популярдуу ансамблдер жана чыгармачыл топтор сахнага чыгып, көрөрмандарга сонун маанай тартуулашты. Балдар үчүн атайын сүрөт тартуу мастер-класстары уюштурулуп, кичинекей коноктор өз фантазияларын көрсөтүштү.

Ошондой эле улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлдү: аркан тартуу, кур-кур күрөш, каптар менен секирүү жана таш ыргытуу.

Иш-чара достук, биримдик жана улуттук салтка сый-урмат менен өтүп, борбордун тургундарын жана конокторун бириктирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан