
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайырбек Ташиев Ички иштер министрлигине кайрадан суракка чакырылды. Бул тууралуу жеке булактарына таянып айрым жергиликтүү басылмалар жазышууда.
Алардын билдиришинче, 25-март күнү ИИМдин тергөө кызматынын тергөөчүсү Шайырбек Ташиевди кайрадан суракка чакырган. Ал буга чейин да ИИМде сурак берип, андан кийин депутаттык мандатын тапшырганы белгилүү.
Буга чейин социалдык тармактарда анын каржылык пландары жана жеке чыгымдары тууралуу сүйлөшүүлөрү делген аудиожазуулар тараган.
Учурда бул иш боюнча расмий маалыматтар толук жарыялана элек.