АКШ президенти Дональд Трамп Орусия менен Украина жаңжалды жөнгө салуу боюнча макулдашууга жакындап калганын билдирди. Бул тууралуу эл аралык басылмалар кабарлашты.
Ал Владимир Путин менен Владимир Зеленскийдин тез арада жеке жолугушуусуна үмүттөнөт.
"Биз Орусия президенти Владимир Путин менен Украин лидери Владимир Зеленский бир столго отуруп, келишим түзүүсүн каалайбыз. Менимче, бул жакындап калды",- деген ал.
Буга чейин НАТОнун баш катчысы Марк Рютте Зеленский Орусия менен тынчтык келишимин түзүүгө кызыкдар экенин билдирген. Кремль да сүйлөшүүлөргө даяр экенин белгилеген.
8-мартта Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москва диалогго ачык экенин, бирок процесс учурда “объективдүү себептерден” улам токтоп турганын билдирген.
Буга чейин Орусия, АКШ жана Украина өкүлдөрүнүн катышуусундагы сүйлөшүүлөр 11-мартка пландалып, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу анын мөөнөтү жылдырылган эле.
Эске салсак, Орусия менен Украина буга чейин Стамбулда үч ирет сүйлөшүү өткөрүшкөн. Акыркысы Женевада 17-18-февралда өткөн болчу. Анын жыйынтыгында туткундарды алмашуу болгон. Мындан тышкары, Орусия курман болгон украин аскер кызматкерлеринин сөөгүн Киевге өткөрүп берген. Тараптар ошондой эле чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча меморандум долбоорлорун алмашкан.