Түрк сериалдарындагы эң популярдуу актрисалардын бири Ханде Эрчел Түркияга кайтып келгенден кийин баңгизатка байланыштуу көрсөтмө берди. Бул тууралуу түрк басылмалары жазды.
Буга чейин актриса баңгизат таратууга айыпталып жатканы маалымдалган. Ага удаа ал окуусуна байланыштуу бир айга жакын убакыттан бери чет өлкөдө жүргөнүн билдирип, айыптарды четке каккан.
Маалым болгондой, актриса Стамбулга келген соң өз ыктыяры менен сотко барып, көрсөтмө берген. Андан соң Соттук-медициналык экспертиза институтуна жөнөтүлгөн.
T24 басылмасы билдиргендей, актриса сурактан жана текшерүүдөн кийин бошотулган. Эрчел бардык айыптоолорду четке кагып, эч качан баңгизатын колдонбогонун билдирген.
Тергөө иштерин Стамбулдун Башкы прокуратурасы жүргүзүүдө. Прокуратура азырынча иштин чоо-жайын ачыктай элек.