Биз социалдык тармакта

«Жеңил»: мамлекеттик жана бюджеттик сектордун кызматкерлери үчүн 4% менен автокредит

Кыргызстанда «Жеңил» аттуу жаңы жеңилдетилген автокредит программасы ишке кирди. Бул программа мамлекеттик кызматкерлерге жана бюджеттик тармакта иштеген жарандарга жаңы автоунааны жылдык болгону 4% менен сатып алууга мүмкүнчүлүк берет.

Программа мамлекеттин колдоосу менен ишке ашырылып, жарандар үчүн жаңы автоунаалардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Бүгүнкү күндө жылдык 4% үстөк өлкөнүн автоунаа рыногундагы эң төмөн көрсөткүч болуп саналат.

Программаны мамлекеттик кызматкерлер, билим берүү, саламаттык сактоо, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана башка бюджеттик уюмдардын өкүлдөрү пайдалана алышат. Автокредит 3 же 5 жылдык мөөнөткө берилет. Ошондой эле эки формат каралган: баштапкы төлөм менен же баштапкы төлөмсүз.

Жеңилдетилген пайыздык үстөк жана ийкемдүү шарттар жаңы автоунаа сатып алууну кыйла жеткиликтүү кылат. Мисалы, популярдуу Chevrolet Cobalt үлгүсүн кредитке алууда ай сайын төлөм баштапкы төлөм менен 17 680 сомдон, ал эми баштапкы төлөмсүз 22 100 сомдон башталышы мүмкүн.

Кыргызстанда сунушталган Chevrolet унаалары биринчи ата мекендик автоунаа куруу ишканасы – Тулпар Моторс тарабынан чогултулат. Жергиликтүү өндүрүштүн өнүгүшү өлкөнүн автоунаа рыногунун өсүшүнө шарт түзүп, жаңы унааларды сатып алуучулар үчүн жеткиликтүүрөөк кылат.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Chevrolet Кыргыз Республикасында жаңы автоунаалар арасында эң көп сатылган бренд болуп, 1700дөн ашык автоунаа сатылган. Рынокто эң популярдуу моделдер болуп Chevrolet Tracker жана Chevrolet Cobalt саналат – бул моделдер бардык бренддердин жана үлгүлөрдүн арасында сатуу көлөмү боюнча алдыңкы орундарды ээледи.

«Жеңил» программасынын 4% менен ишке кириши мамлекеттик жана бюджеттик сектордун кызматкерлери үчүн заманбап жана ишенимдүү автоунааны эң пайдалуу шарттарда сатып алууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Толук маалымат: 0776 99-99-94

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан