Биз социалдык тармакта

Биринчи класска кабыл алуу 1-апрелде башталат – MegaPayде онлайн-жазылуу ыңгайлуу кызматы жеткиликтүү

2026-жылдын 1-апрелинен тарта Кыргызстанда биринчи класска электрондук каттоо башталат.

Ата-энелер MegaPay мобилдик колдонмосундагы " Мектепке электрондук кабыл алуу" кызматын колдонуп, бүтүндөй процессти онлайн- режимде – кезек күтпөстөн жана тез бүтүрө алат.

Бул кызмат Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги менен биргеликте иштелип чыккан жана ата-энелер мектепке жеке барбай туруп, балдарын мамлекеттик билим берүү мекемелерине жаздырып койсо болот.

1-класска төмөндө көрсөтүлгөн мезгил аралыгында туулган балдар катталат:

• 2019-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин;
• 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин.

8 жаштан жогорку же талап кылынган документтери жок балдар Балдар иштери боюнча комиссиянын чечими менен гана кабыл алынышы мүмкүн.

Каттоо эки этапта жүргүзүлөт:

1-этап —тандалган мектеп жайгашкан райондо ата-энесинин туруктуу каттоосу бар болгон балдар үчүн;
2-этап — бардыгы үчүн (бош орундарына жараша);

Каттоонун башталышы:

• 1-этап — 2026-жылдын 1-апрелинде саат 10:00дө башталат.
• 2-этап — 2026-жылдын 1-июнунда саат 10:00дө башталат.

MegaPay аркылуу кантип билдирме калтырууга болот:

1. MegaPay колдонмосун жаңылаңыз же жүктөп алыңыз (App Store жана Google Play'де жеткиликтүү);
2. "Кызматтар" → "Билим берүү" бөлүмүнө өтүңүз;
3. " Мектепке электрондук каттоону" тандап, "Улантуу" баскычын басыңыз;
4. Жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнө байланыштырылган тизмеден балаңыздын аты-жөнүн табыңыз;
5. Район үчүн сунушталган мектепти тандаңыз;
6. Окутуу тилин көрсөтүңүз;
7. "Катталуу" баскычын басыңыз — "Катталуу" статусу пайда болот

Кызмат өлкөнүн бардык аймактарында, анын ичинде алыскы аймактарда да жеткиликтүү, бул ар бир үй-бүлө үчүн арыз берүү процессин мүмкүн болушунча ыңгайлуу кылат.

MegaPay − мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылган ишенимдүү өнөктөшүңүз!

08.01.2020-жылдагы КРУБ лиц. №3028080120 жана №2027080120.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан