Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайырбек Ташиев коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ал "Кыргызнефтегаз" ишканасындагы коррупциялык схема боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, Бишкек шаарынын милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Эске салсак, Шайырбек Ташиев 13-мартта ИИМде сурак бергенден бир күн өтүп, БШК аны мандатынан ажыраткан. 25-март күнү ал кайрадан сурак берген.
Салык кызматы УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев жана анын жакындарынын "Кыргызнефтегаз" мамлекеттик ишкананын кирешелерине ээлик кылып келишкени тууралуу коррупциялык схемаларды ачыктаган иликтөө чыгарган. ИИМ бул боюнча кылмыш ишин козгогон.