Биз социалдык тармакта

Палестиналыктар Израилдеги өлүм жазасына каршы нааразычылык акциясына чыгышты (видео)

Газа секторунда Израилдеги өлүм жазасына каршы нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.

Акцияга катышкандар бул мыйзамды адилетсиз жана кабыл алууга болбой турган кадам деп эсептешип, эл аралык коомчулукту кийлигишүүгө чакырышты.

Буга чейин Израил парламенти терроризм үчүн айыпталгандарга өлүм жазасын колдонуу боюнча мыйзамды кабыл алган. Мындан улам айрым маалымат каражаттары, мыйзам көбүнчө палестиналыктарга тиешелүү экенин жазышкан.
Ошол эле учурда укук коргоочулар Израилдин түрмөлөрүндө 9 миңден ашуун палестиналык кармалып турганын жана алардын арасында аялдар, жашы жете элек өспүрүмдөр да бар экенин билдиришкен.
Палестиналыктар Израилдеги өлүм жазасына каршы нааразылык акциясына чыгышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан