Биз социалдык тармакта

Анталья кумдуу бороондон улам кызгылт сары түскө боёлду (видео)

Түркиянын Анталья облусунда күчтүү кум бороону асманды адаттан тыш кызгылт-сары түскө айлантты. Бул тууралуу түрк басылмалары жазышууда.

Ливия жана Түндүк Африканын башка аймактарынан көтөрүлгөн чаң шамал аркылуу Түркиянын түштүгүнө жеткен. Натыйжада абага чаң толуп, асмандын өңү өзгөргөн.

Бул көрүнүш өзгөчө Аланья шаарында жана Антальянын башка райондорунда байкалган. Кум бороону көрүү мүмкүнчүлүгүнүн начарлашына жана абадагы чаңдын концентрациясынын көбөйүшүнө алып келген.

Буга чейин ушундай эле чаң булуту Грециянын Крит аралын каптап, айрым аба каттамдары убактылуу токтотулган.

Анталья кумдуу бороондон улам кызгылт сары түскө боёлду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан