Иран бийлиги АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушунда убактылуу ок атышууну токтотуу сунушун жактырган жок. Бул тууралуу Ирандын IRNA агенттигине таянуу менен чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Иран ок атышпоо тыныгуусу душмандын кайрадан топтолуп, жаңы аракеттерди жасоосуна мүмкүнчүлүк берерин билдирген. Мындан тышкары, АКШнын чабуулдарына жооп кайтаруу аракеттери токтотулбай турганын маалымдашкан.
"Согуштун токтотулушуна дагы бир жолу кол салбоо кепилдиги менен гана макул болобуз",- деп билдирген Иран бийлиги.
Ошол эле учурда АКШ, Иран жана аймактагы ортомчу өлкөлөр (Пакистан, Египет, Түркия) 45 күндүк ок атышууну токтотуу мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатышат.