АКШнын президенти Дональд Трамп бул шейшемби Иран менен келишимге жетишүү үчүн акыркы мөөнөт бойдон каларын билдирди. Бул тууралуу ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айткан.
"Ооба, учурда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат жана алар абдан маанилүү кадамга барышты",- деген Трамп.
Айта кетсек, 4-апрелде Трамп Иран өкмөтү 48 сааттын ичинде келишимге макул болбосо, аларды "тозок" күтүп турат деп коркуткан. Axios кабарлагандай, АКШнын президенти ультиматумду дагы бир күнгө узартты. Бир күн мурун ал бүгүн келишим түзүүгө мүмкүн экенин айткан.
ЖМК жазгандай, кечээ Иран менен АКШ ортомчулар аркылуу ок атышууну убактылуу токтотууну талкуулашкан. Бирок Иран тарап ок атышпоо идеясын четке кагып, согуштук аракеттерди толук токтотууну талап кылды.