Ирандын президенти Масуд Пезешкиан өз өлкөсүн коргоо үчүн өмүрүн курмандыкка чалууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Х социалдык тармагындагы баракчасына жазган.
"Учурда 14 миллиондон ашык эр жүрөк ирандыктар Иранды коргоо үчүн өз өмүрүн берүүгө даяр экенин билдирди. Мен дагы Иран үчүн өзүмдү курмандыкка чалууга даярмын",- деген Пезешкиан.
Белгилей кетсек, буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп бул шейшемби Иран менен келишимге жетишүү үчүн акыркы мөөнөт бойдон каларын билдирген болчу.