Биз социалдык тармакта

Ирандын жогорку лидери Можтаба Хаменеинин абалы оор экени айтылды 

Ирандын жогорку лидери Можтаба Хаменеинин абалы оор экени айтылды. Бул тууралуу The Times басылмасы АКШ менен Израилдин чалгын кызматына таянуу менен жазган.

Андагы маалыматка ылайык, учурда Ирандын жогорку лидери Кум шаарында дарыланып жатат жана анын абалы оор деп бааланууда. Ошондой эле андагы маалыматта Можтаба Хаменеи чечим кабыл алууга жана мамлекеттик иштерди алып барууга жөндөмсүз экени айтылган.

Белгилей кетсек, буга чейин Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи өлкөнүн жогорку лидери тирүү экенин жана ал өлкөдөгү абалды толук көзөмөлдөп жатканын билдирген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан