Биз социалдык тармакта

Иран АКШнын Хаменеи тууралуу билдирүүлөрүн четке какты

Ирандын жогорку лидери Можтаба Хаменеи тирүү жана өлкөдөгү абалды толук көзөмөлдөп жатат. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи чет элдик басылмаларга билдирди.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп NBC телеканалына берген маегинде Ирандын жаңы жогорку лидери тирүү экенине күмөн санай турганын айткан.

Ал эми АКШнын коргоо министри Пит Хегсет брифинг учурунда Моджтаба Хаменеи "жаракат алып, балким, катуу жабыркаган болушу мүмкүн" деген божомолун билдирген. Ал муну Хаменеи тууралуу видео же аудио кайрылуу жарыяланбаганы менен түшүндүргөн.

Иран буга чейин да мындай маалыматтарды четке каккан. 12-мартта Иран Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Эсмаил Багаи жаңы жогорку лидер жаракат алганын, бирок учурда абалы жакшы экенин билдирген. Анын айтымында, Хаменеи кызматка келгенден бери коомчулук алдына чыкпай жатканы анын учурдагы абалы менен байланыштуу болушу мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан