Биз социалдык тармакта

БУУ Иран-АКШ сүйлөшүүлөрүнө катышпай турганын билдирди

Бириккен Улуттар Уюму Иран менен АКШнын ортосундагы согуштук аракеттерди токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө катышкан жок. Бул тууралуу БУУнун басма сөз кызматына таянуу менен чет элдик басылмалар жазышты.

Андагы маалыматка ылайык, БУУ тынчтыкка жетишүүгө багытталган бардык демилгелерди колдоого даяр. Бирок азырынча Иран менен АКШнын ортосундагы согуштук аракеттерди токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө катышпайт.

Азыркы тапта АКШ, Иран жана аймактагы ортомчу өлкөлөр (Пакистан, Египет, Түркия) 45 күндүк ок атышууну токтотуу мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатышат.

Ал арада Иран бийлиги АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушунда убактылуу ок атышууну токтотуу сунушун жактырган жок. Тегеран толук кандуу согушту токтотууну жана санкцияларды жоюуну талап кылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан