BAKAI Брюсселде Open Dialogue Foundation (ODF) аттуу бейөкмөт уюмга каршы соттук териштирүүдөжеңишке жетти. 7-апрелде Брюсселдинкоммерциялык иштер боюнча соту банкка карата коюлган айыптоолорду негизсиз жана далилдерменен ырасталбаган деп тааныды.
Сотко кайрылууга ODF тарабынан 2023-жылы жарыяланган материалдар негиз болгон. Анда BAKAIга карата санкция киргизүү боюнчасунуштар камтылып, банк Россиянын пайдасынаэмбаргону айланып өтүүгө байланышкансхемаларга катышы бар деген айыптоолорайтылган. Банк өзүнүн ишкердик аброюн коргооталабы менен сотко кайрылган.
Сот коюлган айыптоолор олуттуу жана атайынбагытталган мүнөздө болгонун, бирок жетиштүүдалилдер менен ырасталбаганын аныктады. Натыйжада ODF талаш жараткан материалдардыөчүрүүгө, сот чечиминин текстин өзүнүн сайтынынбашкы бетине жарыялоого жана соттукчыгымдарды төлөп берүүгө милдеттендирилди.
«Биз соттун чечимин кубануу менен кабыл алдык. Бул чечим коюлган айыптоолор үчүн негиз жок экенин тастыктап, BAKAIдын ишкердик аброюнкоргойт. Банк ар дайым эл аралык мыйзамдардынталаптарын так сактап, өз ишмердүүлүгүндө ачык-айкындык принциптерин карманат», - депбелгилешти BAKAIда.
BAKAIда мындай чечим BAKAI үчүн гана эмес, жалпы Кыргызстандагы каржы секторуна болгонишенимди бекемдөөдө да маанилүү экенинбелгилешти. BAKAI мындан ары да жогоркукомплаенс стандарттарын жана ачык-айкындыкпринциптерин карманып, өз кызыкчылыктарын эл аралык юрисдикцияларда коргоону улантат.
BAKAI өлкөдөгү каржы институттарынынишмердүүлүгүнө объективдүү баа берүүнү камсызкылууга багытталган бардык көз карандысызтекшерүүлөргө жана аудиттерге даяр экенинтастыктайт.