Биз социалдык тармакта

АКШ менен Ирандын тынчтык келишими тууралуу кабардан кийин мунай баасы кескин төмөндөдү

Дүйнөлүк мунай баалары АКШ менен Ирандын ортосунда эки жумалык тынчтык келишими тууралуу кабардан кийин кескин төмөндөдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Brent мунайынын фьючерстеринин баасы мурунку жабылуу көрсөткүчүнө салыштырмалуу 12,6 пайызга төмөндөп, бир баррели 91,92 долларга түштү. Бул көрсөткүч 23-марттан бери алгач ирет 92 доллардан төмөн түшүү. Ошондой эле май айына карата West Texas Intermediate (WTI) үлгүсүндөгү америкалык мунайынын фьючерстеринин баасы 16,6 пайызга арзандап, 94,1 доллар болду.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга карата бомбалоону эки жумага токтотууга макул болгонун билдирип, ок атышууну токтотуу эки тараптуу болорун айткан.

Кийинчерээк Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңеши АКШ менен сүйлөшүүлөр 10-апрелде Исламабад шаарында башталарын билдирди. Иран сүйлөшүү процесси үчүн эки жумалык мөөнөт белгилеп, ошол убакытка чейин ок атышпоо режими киргизиле турганын маалымдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан