Биз социалдык тармакта

Пакистандын премьер-министри: "АКШ - Иран ок атышпоо келишими Ливанга да тийиштүү"

Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы ок атышпоо келишими Ливанга да тиешелүү. Бул тууралуу Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

"Иран менен АКШ өздөрүнүн өнөктөштөрү менен бардык жакта ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге жетишти. Бул Ливан жана башка өлкөлөргө дагы тиешелүү",- деп жазган ал Х социалдык тармагына.

Саясатчы Иран менен АКШ өкмөтүнө тынчтык келишими, эки тараптын конструктивдүү мамилеси үчүн ыраазычылык дагы билдирген.

Шариф Исламабадда 10-апрелде болуучу сүйлөшүүлөр тынчтыкты орнотууга мүмкүнчүлүк түзөрүнө ишеним артат.

Эскерте кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иран аймагында кеңири масштабдагы аскердик операция баштаган. Буга жооп катары Иран да операциясын баштап, Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урган. Бул күндөргө чейин уланган чабуулдардын кесепетинен миңдеген имараттар талкаланып, жүздөгөн адамдар каза табышты.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан