Биз социалдык тармакта

Иран АКШ менен сүйлөшүүчү делегация башчысын аныктай элек

Иран АКШ менен сүйлөшүү жүргүзүүчү делегациянын башчысы боюнча акыркы чечимди кабыл ала элек. Бул тууралуу Tasnim агенттиги өздүк булактарына таянуу менен жазган.

Буга чейин ISNA маалымат агенттиги Иран парламентинин спикери Мохаммад Багер Галибаф делегациянын башчысы болуп дайындалганын кабарлаган.

CNN маалымдагандай, сүйлөшүүгө АКШ тараптан вице-президент Джей Ди Вэнс, АКШ президентинин Жакынкы Чыгыштагы атайын өкүлү Стив Уиткофф жана бизнесмен Джаред Кушнер катышышы мүмкүн.

Дүйнөлүк ЖКМлар жазгандай, АКШ менен Ирандын ортосундагы тынчтык келишиминин шарттарын иштеп чыгуу боюнча сүйлөшүүлөр 10-апрелде Пакистандын борбору Исламабадда өтөт.

Буга чейин АКШ менен Иран Пакистандын ортомчулугу аркылуу эки жумага ок атышпоо келишимин түзүшкөнү маалымдалган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан