Иран бийлиги АКШ менен Израил ок атышууну убактылуу токтотуу келишимин бузуп, өлкөнүн түштүгүндөгү мунай иштетүүчү заводго сокку урганын билдирди. Бул тууралуу Орусиянын РИА Новости басылмасы Ирандын Press TV телеканалына таянуу менен жазды.
Андагы маалыматка ылайык, келишим түзүлгөндөн кийин америкалык-израилдик күчтөр Лаван аралындагы мунай иштетүүчү заводду аткылашкан.
Буга чейин Ирандын мунайды кайра иштетүү жана бөлүштүрүү боюнча улуттук компаниясы Ирандын Лаван аралындагы мунай ишканаларына кол салуу болгонун, бирок чабуулду ким жасаганын тактаган эмес.
Белгилей кетсек, АКШ менен Иран Пакистандын ортомчулугу аркылуу эки жумалык ок атышпоо келишимин түзүшкөн. Мындан тышкары, эки тараптын ортосундагы тынчтык келишиминин шарттарын иштеп чыгуу боюнча сүйлөшүүлөр 10-апрелде Пакистандын борбору Исламабадда өтөрү да айтылган.