Пакистанда Иран менен пландалган сүйлөшүүлөрдө америкалык тараптан АКШ президентинин Жакынкы Чыгыштагы өкүлү Стив Уиткофф жана ишкер, президенттин күйөө баласы Жаред Кушнер катышат.
Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп "New York Post" гезитине берген маегинде билдирген.
"Ал жерде Уиткофф менен Кушнер болот. Балким, вице-президент Джей Ди Вэнс, мен билбейм. Бул коопсуздук маселеси",- деген Трамп.
Дүйнөлүк ЖМКлар жазгандай, АКШ менен Ирандын ортосундагы тынчтык келишиминин шарттарын иштеп чыгуу боюнча сүйлөшүүлөр 10-апрелде Пакистандын борбору Исламабадда өтөт.
Буга чейин АКШ менен Иран Пакистандын ортомчулугу аркылуу эки жумага ок атышпоо келишимин түзүшкөнү маалымдалган.