Ирандын делегациясы 10-апрелде Пакистандын борбору Исламабадда өтчү АКШ тарап менен сүйлөшүү жүргүзүүгө барат. Бул тууралуу Ирандын Пакистандагы элчиси Реза Амири Могадам билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Х социалдык тармактагы баракчасына жазган.
"Израил тарап бир нече жолу ок атышууну токтотуу режимин бузуп, дипломатиялык демилгенин ишине тоскоол болгонуна карабастан Иран делегациясы сүйлөшүүгө барат. Делегация бүгүн кечинде Исламабадга Ирандын сунуш кылган 10 пункту боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн келет",- деген элчи.
Ал эми АКШ тараптан сүйлөшүүгө АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс, АКШ президентинин Жакынкы Чыгыштагы атайын өкүлү Стив Уиткофф жана бизнесмен Жаред Кушнер катышышы мүмкүн экени буга чейин айтылган болчу.