АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Иран менен тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүлөргө даярданып жатат. Бул тууралуу CNN телеканалы жарыялады.
Анда маалымдалгандай, сүйлөшүүгө АКШнын вице-президенти Джей Ди Вэнс, АКШ президентинин Жакынкы Чыгыштагы атайын өкүлү Стив Уиткофф жана бизнесмен Джаред Кушнер катышышы мүмкүн.
Ак үйдүн маалымат катчысы Кэролайн Левитт Америка делегациясы тууралуу комментарий берип жатып, "Сүйлөшүүлөр тууралуу талкуулар бар, бирок бул боюнча президент (ред.: Дональд Трамп) же Ак үй расмий түрдө жарыялай элек",- деген.
Дүйнөлүк ЖКМлар жазгандай, АКШ менен Ирандын ортосундагы тынчтык келишиминин шарттарын иштеп чыгуу боюнча сүйлөшүүлөр 10-апрелде Пакистандын борбору Исламабадда өтөт.
Буга чейин АКШ менен Иран Пакистандын ортомчулугу аркылуу эки жумага ок атышпоо келишимин түзүшкөнү маалымдалган. Буга удаа Иран бийлиги эки жумага созулчу убактылуу тынчтык мезгилинде Ормуз кысыгын убактылуу ачып турууга көндү.