
MEGA улуттук уюлдук байланыш оператору өз тармагын кеңейтүү жана модернизациялоо боюнча масштабдуу иштерди жасоону улантып, өлкө тургундарын кыйла туруктуу жана ылдам мобилдик интернет менен камсыз кылууда.
Март айына карата оператор Кыргызстан боюнча бир нече шаарларда 4G сигналынын сапатын бир топ жакшыртты. Интернет сапаты жакшыртылган шаарлар: Бишкек, Ош, Нарын, Кызыл-Кыя, Кочкор-Ата, Таш-Көмүр, Кант жана Кара-Балта. Ишке ашырылган бул жакшыртуулар маалыматтарды берүү ылдамдыгын жана байланыштын туруктуулугун жогорулатты, бул санариптик кызматтарды колдонуу өсүп жаткан шартта өзгөчө маанилүү.
Ошол эле учурда, компания айыл жерлеринде да камтуусун кеңейтип, өлкө боюнча ондогон калктуу конуштарда заманбап телекоммуникациялык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылды:
Баткен облусу: Достук, Жалгыз-Булак.
Жалал-Абад облусу: Арал-Сай, Кургак-Көл, Улук.
Ысык-Көл облусу: Кара-Ой, Шор-Булак, Курбу, Өрүктү-Хутор, Чоң-Өрүктү жана Пристань-Пржевальский шта.
Нарын облусу: Ара-Көл, Арал, Ак-Кыя, Көк-Жар, Үгүт.
Ош облусу: Баш-Булак, Тынчтык, Савай-Арык, Араван (Алля-Анаровский айылдык/аймагы), Жеке-Мисте, Кайрагач-Арык, Тынчтык, Жоош, Каарман.
Талас району: Маймак шта.
Чүй облусу: Романовка, Сосновка, Лубяное, Молдовановка, Боролдой, Беш-Күңгөй, Панфиловское, Виноградное, Пригородное, Жыламыш, Александровка, Новопокровка (Логвиненковский айылдык/аймагы), Алексеевка, Кемин шта.
Мындан тышкары, Баткен облусунун Кара-Оот жана Кара-Шоро айылдарында, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Дерес-Сай айылында жаңы 4G базалык станциялары ишке киргизилди. Бул камтууну кеңейтип гана тим болбостон, мурда жетүүгө кыйын болгон аймактардагы байланыштын сапатын да жакшыртты.
Компания үчүн инфраструктураны өнүктүрүү негизги артыкчылык бойдон кала берерин белгилешти. MEGA байланыштын сапатын жакшыртууга дайыма инвестиция жасап, Кыргызстандын шаарларынын жана алыскы айылдарынын тургундары үчүн санариптик мүмкүнчүлүктөргө бирдей жетүүнү камсыз кылууга умтулат.
MEGA - ӨЗYБYЗДYН байланышты танда!
КР МБА лицензиялары: №14-1133-КР, №18-0326-КР, №18-0303-КР, №15-1446-КР, №16-0090-КР, №18-0261-КР