Биз социалдык тармакта

АКШ Израилди Иран менен түзүлгөн келишимге тоскоол болуп жатат деп айыптады

АКШ тарап Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяхуну АКШ менен Ирандын ортосундагы тынчтык келишимин үзгүлтүккө учуратууга аракет кылды деп айыптады. Бул тууралуу америкалык The Intercept басылмасы жазды.

Андагы маалыматка ылайык, Израилдин айынан учурда ок атышууну токтотуу келишими үзгүлтүккө учурап кетүү коркунучунда турат. Эгер Биньямин Нетаньяху өз максатына жетсе, бул келишим жакын арада күчүн жоготушу мүмкүн.

Буга чейин Израилдин өкмөт башчысы Израилдин дагы да жетише турган максаттары бар экенин айтып, АКШ жарыялаган ок атышууну токтотуу режимин "жолдун ортосунда калтыруу" деп атаган.

Белгилей кетсек, 8-апрелде Израилдин Ливанга жасаган чабуулунан 250дөн ашык жай тургун каза болгон. Бул окуя Тегеран менен Вашингтондун ортосунда эки жумага түзүлгөн ок атышууну токтотуу келишими күчүнө кирген күнү орун алган.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан