Биз социалдык тармакта

АКШ менен Ирандын сүйлөшүүсү өтө турган мейманкана убактылуу жабылды 

АКШ менен Ирандын делегацияларынын сүйлөшүүлөрү өтө турган Пакистандын Исламабад шаарындагы Serena Hotel Islamabad мейманканасы коноктор үчүн убактылуу жыбылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, аталган мейманкана жекшемби күнү кечке чейин кадимки коноктор үчүн жабык болот жана буга чейин жайгашкандардын баары чыгарылган. Негизги делегациялардын өкүлдөрү Serena Hotel Islamabad мейманканасына жайгашат жана сүйлөшүүлөр да ошол жерде өтүшү мүмкүн.

Буга чейин АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс жума күнү америкалык делегацияны баштап Пакистандын борбору Исламабад шаарына сүйлөшүүлөргө учуп барары айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан