
Украина менен Орусиянын ортосундагы Пасха майрамына карата убактылуу тынчтык келишими аяктады. Бул тууралуу Орусия басылмалары билдирди.
8-апрелде Украинанын президенти
Владимир Зеленский Орусияны ок атышпоону токтотууну
сунуштаган. Ал ок атышпоону токтотуу жаңжалды жыйынтыктоого карай кадам болуп, сүйлөшүүлөр үчүн шарт түзүшү мүмкүн экенин айткан.
Жооп иретинде Орусиянын президенти
Владимир Путин Пасха майрамына байланыштуу атайын аскердик операция жүрүп жаткан аймактарда ок атышууну убактылуу токтотуу режимин
жарыялаган. Ок атышуу 1,5 суткага токтотулган.
Белгилей кетсек, 2025-жылы да Орусиянын лидери Пасха майрамына байланыштуу убактылуу ок атышпоо режимин жарыялаган. Элдешүү 19-апрель саат 18:00дөн 21-апрель түнкү 00:00гө чейин күчүндө болгон.