Биз социалдык тармакта

Эл аралык издөөдө жүргөн казак блогери Кайсар Камза Вьетнамдан кармалды

Казакстандын Ички иштер министрлиги Интерполдун жардамы менен Вьетнамдын Камрань шаарында эл аралык издөөдө жүргөн блогер Кайсар Камзаны кармады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.

Эскерте кетсек, ал мыйзамсыз кумар оюн бизнесин уюштурган деп шектелип, эл аралык издөөдө болгон.

"Блогер социалдык тармактарда онлайн-казинону жарнамалаган видеоматериалдарды системдүү түрдө жайгаштырып, колдонуучуларды кумар оюндарына катышууга тарткан. Анын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнүн натыйжасында 100 миллиондон ашык теңге өлчөмүндө киреше алынган. Бул каражаттар анын атына катталган криптовалюта капчыгына которулуп турган. Учурда аны Казакстанга экстрадициялоо маселеси каралууда",- деп белгиленген маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан