Биз социалдык тармакта

Кытай Трамптын 50 пайыздык бажы төлөмү менен коркутканына жооп берди 

Кытай АКШнын кошумча бажы төлөмдөрүн киргизүү боюнча коркутуусуна жооп жасады. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Андагы маалыматка ылайык, Кытайдын ТИМ өкүлү Кытай Иранга аскердик жардам көрсөтүп жатат деген АКШ тараптын дооматтарын четке каккан. Анда ал Кытай курал-жарак экспортунда ар дайым этият жана жоопкерчиликтүү саясат жүргүзөрүн билдирген.

Ошол эле учурда Пекин эгерде АКШ чындап эле кошумча бажы төлөмдөрүн киргизсе, анда Кытай сөзсүз түрдө жооп чараларын көрөрүн эскертип өткөн.

Белгилей кетсек, буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Кытай Иранга аскердик жабдууларды жеткирип жатканы аныкталса, АКШ тарабынан 50 пайыздык кошумча бажы төлөмү киргизилиши мүмкүн экенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан