
АКШ жарыялаган деңиз блокадасына карабастан кытайлык Rich Starry аттуу кеме Ормуз кысыгы аркылуу өттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар эл аралык MarineTraffic көзөмөл системине таянып билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган кеме химиялык заттарды ташыган орто аралыктагы танкер болуп саналат. Ал АКШнын санкциясына кабылган компанияга таандык.
Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Пакистанда өткөн Иран менен сүйлөшүүлөр ийгиликсиз аяктаганын айтып, Ормуз кысыгына блокада киргизүү ниетин билдирген.
Андан көп өтпөй АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) Иран портторуна кирген же андан чыккан бардык кемелерге карата деңиз блокадасы башталганын
жарыялаган.