Биз социалдык тармакта

Кыргыз футбол биримдигине президент шайланбай, жетекчилик курам түзүлдү

Кыргыз футбол биримдигинин кезектеги конгрессинде жаңы президент шайланган жок. Шайлоо темасы конгресстин күн тартибинен алып салынды. Анын себеби талапкерлердин жоктугу экени айтылды.

Ал эми жетекчилик курамы шайланды. Анда:

  • Нурдин Букуев - Кыргыз футбол биримдигинин биринчи вице-президенти;
  • Мирлан Акжигитов – КФБнын вице-президенти;
  • Жылдыз Таалайбек кызы – КФБнын вице-президенти;
  • Кайрат Эгембердиев – КФБнын вице-президенти.

Аткаруу комитетинин жаңы мүчөлөрү болуп Канатбек Абдыкадыров, Өмүрбек Бабанов, Асылбек Кадралиев, Кудайберди Кожобеков, Эмил Кутманов, Аскар Салымбеков, Азат Сакебаев, Уланбек Ногаев бекитилишти.

Биримдикти Нурдин Букуев убактылуу жетектеп турат.

Эскерте кетсек, бүгүн, 15-апрелде Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол биримдигинин президенти кызматынан кетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан