Рим папасы Лев XIV Вашингтондун Иранга карата жасаган аракеттери боюнча АКШнын президенти Дональд Трамп менен талашып-тартышпай турганын билдирди.
"Мен президент менен талашып-тартышууга аракет кылып жаткандай көрүнүм жатам. Бирок бул менин кызыкчылыгыма такыр туура келбейт",- деген Рим папасы. Анын сөзү эл аралык ЖМКларда жарыяланды.
Ал айткандары түздөн-түз АКШ президентине багытталбаганын, тынчтыкка чакыруу экенин белгилейт. Ватикан өз кезегинде Рим папасынын тынчтык жөнүндөгү сөздөрү бир гана Иранга эмес, дүйнө жүзү боюнча бардык аскердик чыр-чатактарга тиешелүү экенин тактады.
Буга чейин Рим папасы Лев XIV Трамптын "Иран цивилизациясын жок кылам" деген коркутуусун "кабыл алынгыс" деп атаган. Мындан кийин Трамп Лев XIVнүн сөздөрүн сынга алып, анын саясатын колдобогон папанын кереги жок экенин билдирген. Рим папасы болсо, Трамптан коркпой турганын айткан.