Биз социалдык тармакта

Иран АКШ менен сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасына катышат

Иран Пакистандын борбору Исламабадда АКШ менен сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасына катышат. Бул тууралуу Түркиянын Anadolu маалымат агенттиги пакистандык булактарга таянуу менен билдирди.

"Иран делегациясы Ормуз кысыгындагы акыркы аракеттерге карабастан, Исламабадда АКШ менен сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасына катышат",- деп жазылат анда.

Алардын маалыматы боюнча, ирандык делегация Исламабадга 21-апрелде келиши мүмкүн. Тегеран өзү азырынча сүйлөшүүлөргө катышарын расмий ырастай элек.

Буга чейин Иран бийлиги Вашингтондун ашыкча талаптарынан улам АКШ менен сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасына катышуудан баш тартканы тууралуу билдирүү тараткан. Ага удаа Иран өз делегациясын Исламабаддагы сүйлөшүүлөргө жөнөтүү шартын атаган.

12-апрелде Иран менен АКШ Исламабадда сүйлөшүү жүргүзгөн, азырынча тараптар бирдиктүү макулдашууга жетише элек.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан