Голливуд жылдызы Энн Хэтэуэй маек берип жаткан учурда мусулмандар колдонгон сөздү айтып, коомчулуктун кызыгуусун жаратты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып, маектин видеосун жарыялашты.
Анда актриса сүйлөп жатып мусулмандар арасында кеңири колдонулган "иншаллах" сөзүн кошо кеткен.
"Мен узак, ден соолугу чың өмүр сүргүм келет. Иншаллах, ошол нерсеге үмүт кылам",- деген Энн Хэтэуэй.
Голливуд жылдызынын мындай сөзүнө мусулман күйөрмандары жылуу пикир калтырып, ислам динине болгон колдоосу үчүн ыраазычылык билдиришкен. Ал эми айрымдар анын мындай сөздү колдонгонуна таң калышкан.