Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Евразия аймагында салттуу баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүүдө "Евразия" автономдуу коммерциялык эмес уюмунун ролу чоң экенин белгиледи. Ал бул тууралуу "Евразия — салттуу баалуулуктардын аймагы" форумунда сүйлөп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган уюмдун алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер мамлекеттердин салттуу баалуулуктарды сактоо багытындагы жалпы аракеттеринин маанилүү бөлүгү болуп саналат.
Песков Евразия мейкиндиги тарыхый жактан жүздөгөн элдерди бириктирип келгенин белгилеп, алардын маданияты менен салттары бири-бири менен тыгыз байланышта экенин айтты. Дал ушул өз ара байланыш жалпы иденттүүлүктүн негизин түзөт. Ошондуктан биргелешкен демилгелер узак мөөнөттүү кызматташуунун бекем пайдубалы болуп эсептелет.
Ал ошондой эле салттуу баалуулуктарды сактоо үчүн үзгүлтүксүз иш жүргүзүү зарыл экенине токтолду.
"Баалуулуктар өзүнөн-өзү жашай албайт, алар бетон сыяктуу — убакыт өткөн сайын бекемдигин жоготот. Бул бекемдикти сактап калуу үчүн биргелешип иш алып баруу керек", — деди ал.
Маалыматка ылайык, "Евразия" уюмунун долбоорлоруна буга чейин 120 миңден ашуун адам катышкан. Бул көрсөткүч гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө болгон кызыгуу өсүп жатканын айгинелейт.
Песков салттуу баалуулуктар өткөнгө негизделгени менен, келечекке багытталып, дайыма өнүгүп турушу керектигин кошумчалады.
Маалымат үчүн: "Евразия" — эл аралык кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган уюм. Ал өз долбоорлорун жеке каражаттардын эсебинен ишке ашырат.
Уюмдун максаты — ар түрдүү курактагы жана кесиптеги адамдарды бириктирип, салттуу баалуулуктарды, тарыхый эстутумду жана Евразия элдеринин жалпы маданий кодун сактоо.
Программалары билим берүү, медицина, маданият, ыктыярчылык жана кайрымдуулук сыяктуу тармактарды камтыйт. Ошондой эле уюм маданияттар аралык байланышта орус тилинин ролун бекемдөөгө көмөктөшөт.
Мындан тышкары, "Евразия" ар кайсы өлкөлөрдөн келген балдарга, үй-бүлөлөргө жана жаштарга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, мугалимдердин, дарыгерлердин, журналисттердин, окумуштуулардын жана эксперттердин кесиптик коомчулуктарын өнүктүрөт. Уюм экологиялык, гуманитардык жана ыктыярчылык долбоорлорду да ишке ашырат.
Акыркы эки жылда бул демилгелерди дүйнөнүн 40ка жакын өлкөсүнөн 120 миңден ашуун адам колдоп чыккан.